Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сыймык Жапыкеев Кыргызстандын кадырын кетирип тынабы?

15.01.2021 18:49
764
Сыймык Жапыкеев Кыргызстандын кадырын кетирип тынабы?


Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы (Финпол) ПЦР тесттердин жасалма корутундусун даярдап жүргөн кылмыш тобун аныктаганын айтып билдирүү таратты. Анда Финполдун Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирустун жоктугун тастыктаган ПЦР тесттердин жасалма корутундусун даярдап жүргөн фактыны ачыктаган. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасоо") боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалды.


Финполдун бул аракети албетте колдоого арзыйт. Бирок, маалымат таратууда мамлекеттин эл аралык кадыр-баркы, аброюн ойлосо болмок. Өлкө азыркыдай абалда турганда Кыргызстандын баркына доо кетире турган ушундай иштерди жашыруун тергеп, күнөөлүүлөрдү ачыкка чыгарбай эле жазалай берсе болбойбу?


Сөзсүз эл баарынын оозун ачырып, ошол эле кезде кыдырыбызды кетириш керек беле? Эми мындай маалымат интернет аркылуу дүйнөгө тарады, азабын эл тартышы толук мүмкүн. Коңшу мамлекеттер дал ушул фактыны бетке кармоо менен биздеги ПЦР анализдердин жыйынтыктарын тааныбай, өз аймагында олчойгон акча менен кайра ала баштаса эмне болот? Ар бир өлкөдө мамлекеттик жашыруун сыр болот. Биз деле жаманыбызды бир аз жашырып, азыркыдай абалда турганда алакан жая бергенди токтотуп турсак кантет? Же бул Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин элге жакын, ачык болом деп жатканыбы? Бул темп менен ал Кыргызстандын кыдырын кетирип тынбайбы?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн