УКМК тарабынан кармалган активист Мелис Аспековдун 50 миң доллар пара Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевге арналган деп айтканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы өзү «24.kg» агенттигине билдирди.
«Менин Мелис Аспеков менен эч кандай мамилем жок, ал өз жолу менен жүрөт. Ал эмнени жана кимден акча талап кылып жаткандыгын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Алган акчасынын бир бөлүгү мага арналган деген маалымат жалган. Мен Улан Джураевди такыр тааныбайм, бир жолу аны кафеден көргөмүн болду», - деди Сыймык Жапыкеев.
Пикирлер (1)