Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сыймык Жапыкеев Прагада жашай тургандай акча топтоп койдубу?

27.04.2021 10:52
1318
Сыймык Жапыкеев Прагада жашай тургандай акча топтоп койдубу?


Өкмөттүн токтому менен финполиция жоюлуп, бир топ убакыт жумушсуз калган мурдагы «кухня кожоюну» Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусуна прокурор болуп кеткенин билебиз. Бул кызматка келгенине бир ай толук тололек. Акыркы убактарда ал коомчулукка көп чыкпай, «кухнядан» да көрүнбөй, маалымат каражаттарына да маек бербей калган. Кыязы, ич күптүсүн бир аз ичине ката турайын десе керек.


Кече 26-апрелде ал «Super.kg» порталына видеомаек куруп, финполициянын жоюлуп кеткенине катуу нааразычылыгын билдирип, «Биринчи люстрация биз болуп калбадыкпы. Биз Мариповду премьер-министр кылалы деп октябрда чыккан эмеспиз» деп катуу күпүлдөдү. Анын айтымында финансы полициясы жакшы иштеп жаткан экен. Анан дагы Тилек Токтогазиев, Элвира Сурабалдиевалардын кызматтан сүрүлүп клагандарына нааразы экенин билдирди. Октябрь окуясынан кийин Башкы прокуратуранын имаратын басып алган эместигин, жөн гана аны 4-5 күн кайтарып турушканын да айтты. «Эгерде «Чоң казат» болбосо, анда өткөн жылы октябрда революция ишке ашмак эмес» деген кыяздагы пикирин да кошумчалады. «Эгерде мен өлкө башчысы болгум келсе, анда биз өкмөт үйүн деле Садыр Нургожоевичке бермек эмеспиз. Чын, жөн эле бербей коймокпуз. Ал жакты да «Чоң казат» ошол убакта кайтарып турган» деген да сөзүн айтты.


Айтор, ал өзүнүн бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун прокурору кызматында отурганна анчейин ичи чыкпай турганын билдирип алды. «Элдин баары эле менден сурап, менден күтүп отурушат. Андай болсо, эми айыл өкмөт башчысы кылып алып, күтө бергиле» деп, азыркы тапта өзү ээлеп турган кызмат орду анын деңгээлиндеги кызмат эместей ишаарат жасады.


Албетте, анын бул маекте айткандарынын көпчүлүгүн жеке пикири катары айтканга акысы бар деп билебиз. Бирок, бир кызыгы «Чет өлкөгө эле кетип калыш керек болуп калды. Мисалы, Прагага…» дегени болду. Муну менен ал баарынан чарчагандай түр жаратып, аргасыз чет өлкөгө эле жашаш үчүн кетип калыш керек болуп калды дегендей маанайда элге түшүндүргүсү келгени менен, коомчулукта бир суроо пайда болду. «Сыймык Жапыкеев октябрь окуяларынан кийинки кыска убакытта эле Прагада жашай тургандай акча топтой алдыбы?» деген. Кадимки эле айлык акы менен жашап жүргөн адам үй-бүлөсүн алып, чет өлкөдө туруктуу жашоо кечирүү үчүн аз эмес акча керек болсо керек. Эгерде Москвага барып, акча табыш үчүн аргасыз мигрант болуу тууралуу сүйлөп жатса башка кеп эле. Ал эми Прагага барып жашаш таптакыр башка маселе эмеспи.


Балким, тиешелүү укук коргоо органдары Сыймык Жапыкеевдин ушул айткандарына тиешелүү деңгээлде көңүл бурушаттыр. Финполицияны жетектеп турганда чындап эле таза иштедиби? Же айрым айтыла калып жүргөн кептердин чындыгы барбы? Олигархтарды коркутуу жолу менен миллиондорду жасаган эмеспи? Эртең чындап эле ал үй-бүлөсүн алып Прагага чыгып кеткенен кийин жер чапчып издеп калбайбызбы?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн