Саламаттыкты сактоо министрин камаш керек эле. Мындай пикирин Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев "Супер.кг" порталына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, министрге карата кылмыш козгоого бардык негиз бар.
"Бийликтин каталары элдин болгон ишенимин кетирүүдө. Мисал катары уу коргошун менен дарылоону эле айтайын. Мыйзам боюнча министрге карата кылмыш ачууга негиз бар эле. Керек болсо аны камаш керек эле",- деп билдирген Жапыкеев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн