Бугу 22, 2024
Убакыт: 04:11
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Сыймык Жапыкеев: Токойдо эс алып жүрсөм, жеп алды деп жазышат

02.07.2021 16:09
1929
Сыймык Жапыкеев: Токойдо эс алып жүрсөм, жеп алды деп жазышат


Достор, быйыл суу бүт жерде тартыш экен. Пандемия күчөдү, бирок эң негизгиси дүрбөлөңгө алдырбайлы, кризис да өтө катуу күч алды, кымбатчылык орун алды, түштүктө Талибандар да күч алды. Негизи кыйын, абдан татаал жашоо башталды окшойт. Азыр саясаттын маалы эмес. Күч биримдикте. Азыркы мезгилде көрүп жатабыз, көп белгилүү саясатчылар камака алынды, кусканы кусуп жатат. Бирден бир элдин талабы ушул эле.


Мени жоготпогула, мен эл менен эле жүрөм. Иштесем Сыймыкка иш эле керек дешти, облпрокурордун жумушун өткөрүп берсем эмне кетип калдың дешет, эс алып токойдо жүрсөм акча жеп алды деп эле жаза беришет экен. Эми силер деле токойго баргыла... 


Биз Кыргыз эли качан оңолобуз? Биз көралбастыкты, ичи тардыкты таштаганда оңолобуз. Биз добушту сатканды токтотсок оңолобуз, биз өзүбүздү өзүбүз мактаганды токтотолук ( даанышман эл, байыркы эл, укмуш элбиз) дей бербей... Самокритика болуш керек. Биз баатыр эл экенбиз. 5-октябрда көрдүк. Бири бирибизге негатив жазганды токтотолук. 


Билимге, мүнөзгө жана акылга мээнет кылалык. Жашоо шарт кыйын болгон үчүн баарыбыз саясатчы болуп калдык. Сабыр кылып, Садыр Нуркожоевичтин капталынан чыкпай, ага жолтоо болбой, ар бирибиз өзүбүздү оңдойлу. Дүйнө жүзүн кургакчылык басты, азык-түлүк аз, түшүм 30% болуп калды.


Сүрөттө мен бармын бирок дээрлик көрүш кыйын.


Баарыңарга аманчылык, эсенчилик болсун, пандемиядан бир өтөлү кутулалык, мамлекет өркүндөп өскөн маалды биз көрөлүк.


Сыймык Жапыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн