Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 07:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Сыймык Жапыкеев: Жумалиев миллион доллар сунуштаган, Абылгазиев камалат (видео)

11.01.2021 09:58
2695
Сыймык Жапыкеев: Жумалиев миллион доллар сунуштаган, Абылгазиев камалат (видео)


Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев 10-январда ооруканада жаткан жеринин Фейсбуктан түз эфирге чыгып, өзүнө карата айтылып жаткан сындарга жооп берип, ошол эле учурда келечек пландары менен бөлүшкөн. Ал ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев миллион доллар сунуштаганын, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абыгазиев жакында жооп бере турганын айткан.


Кубанычбек Жумалиев Мелиске (ред. Мелис Аспеков) 250 миң доллар сунуштаса, мага керек болсо  миллион доллар сунуштаган. Өзү айтпай башка бирөөдөн айттырып жибериптир. Ал акчасын алган жокпуз. Анын баарын экспертизадан өткөрүп, текшерели. Жумалиев болсо жакын арада камалат. Мен келгенден бери 400 миллион сом түштү 2 айда", - деген ал.


Ошондой эле Жапыкеев ооруканадан чыккандан кийин чечкиндүү кадамдарга бара турганын кошумчалаган.


Мурдагы бийлик ЖЭБ, ыш, пандемия боюнча өтө чоң жоопкерчилик тартат. Алар кылгандарына жооп бериш керек. Мен ооруканадан чыгайын баарын текшерип, экспертиза кылабыз. Биринчи кезекте Абылгазиев, Боронов жана Космосбек  дегендер жооп берет", - дейт ал.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сагындык Кангельдиев
Азаматсын Сыймык сага ден соолук ишине ийгилик иним.