Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:40
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Сыймык Жапыкеев акчанын күчү менен бир мандаттуу округдан шайлоого аттанабы?

09.09.2021 10:09
1151
Сыймык Жапыкеев акчанын күчү менен бир мандаттуу округдан шайлоого аттанабы?

Былтыркы төңкөрүштөн кийин финполицияны жарым жыл жетектей калган Сыймык Жапыкеев байып, генерал-майор чин-даражасын да алган. Андан соң аз убакытка Ысык-Көл облусунун прокурору болду. Кызматка кул эместей таризде текеберлене кеткен.


Жаз, жай айлары жер кыдырып, чер жаза эс алгандан кийин парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан чыга турганы айтылууда. Кичи мекени Тоң, Жети-Өгүз аймагынан ат салышса, каражаты кыйла жетери алдыртан болжонууда. Бери жагы 300-400 миң доллар чачышы мүмкүн.


Бирок, Сыймык Жапыкеевдин былтыркыдай саясий рейтинги жок, соцтармакка пикир жазса, же сүрөтүн илсе эле көпчүлүктөн жеме угуп, таландыда калып жатканы жашыруун эмес. Бийликке оппозиция катары аттанууга даабай турат. Сыягы, биз билбеген да "илинчээги" барбы?


Булак: Азия News гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн