Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сыймык Жапыкеев бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

11.12.2020 15:39
1206
Сыймык Жапыкеев бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Сыймык Жапыкеев КР бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушууда Жапыкеев саламдашып, ал Бизнес-акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө келгендери үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Финансы полициясынын артыкчылыктуу багыты мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, ак ниет ишкерлерди мыйзамсыз кийлигишүүдөн сактоо, бизнести жүргүзүү жана өлкөгө инвестициялардын келүү агымы үчүн эң жакшы шарттарды түзүү экендигин белгиледи.


Ак ниет (таза) ишкерлер мамлекеттик органдардын бизнестин мыйзамдуу ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү маселелеринде Финансы полициясынын негизги шериктештери болуп саналат. Алар булганыч атаандаштыкты, салык төлөөдөн качкандарды, мамлекеттик кызматчылардын таза эместигин жана албетте, ири коррупциялык схемаларды көрсөткөн маалымат берүүчүлөрдүн ролун аткарышат.


Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мырза бул жолугушууну уюштургандыгы үчүн Финполдун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, Финансы полициясы ишкердик субъекттердин жакын өнөктөшү, текшерүүчүлөрдүн ээн баштыгына каршы коргоочу болушу керектигин белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнестин жана ишкерлердин кызыкчылыктарын талкуулашты жана ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого мындан ары тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн