Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы боюнча: Биздин алыбыз жетпейт

05.02.2021 08:19
1002
Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы боюнча: Биздин алыбыз жетпейт

Финполдун алы депутаттарга жетпейт. Мындай пикирин Сыймык Жапыкеев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


Анда ал УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп болгондук депутат Кубанычбек Жумалиевди кармаганын айткан.


"Достор түшүнүктүү болсун:

УКМК  коррупция жана өзгөчө оор, чоң мааниге ээ кылмыштарды иликтейт, аны менен күрөшөт, а Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөт.( Камаш кыйын) Финпол депутатка алыбыз жетпесе да балдарын камаганбыз, бирок ал да сот аркылуу чыгып кеткен.

Бүгүн Жумалиевди АКС басыптыр, бир чети туура болду, УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп, СИЗОсу да бар, өздөрү изилдешсин (объективно). Коррупция менен АКС күрөшөт, мыйзам ошондой. (Подследственность) 

Достор акыркы күндө мени жамандап ушак чыгаргандар көбөйдү. Провокацияга алдырбай тынч эле тура туралык. Жумушка жабышкан жокпуз. Бирок Финпол буюрса калчудай. Достор сабырдын түбү сары алтын. Сабырдуулукка чакырам. Мына акчага таянган маал өттү, миллиардер "Граф" коронавирустан өтүп кетиптир, ыйманы саламат болсун, миллиардер Жумалиев кармалды. Коррупция менен күрөшүү накта башталды. Молодцы УКМК!!!", - деп билдирүү калтырган Жапыкеев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн