Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алган эмеспи?

23.03.2021 22:59
1073
Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алган эмеспи?

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев мындан бир нече күн мурда ага генерал-майор наамы ыйгарылганын жарыялаган эле. Ал өзүнө бул жогорку наамды ыйгаруу тууралуу президенттин жарлыгы 4-мартта  чыкканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген болчу. Бирок андан бери дээрлик 20 күн өткөнүнө карабай, бул маалымат расмий ырасталбай келет.


Сереп Медиа маалымат агенттиги президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнө аталган маалыматты тастыктоо үчүн кайрылганда, Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылып же ыйгарылбаганы тууралуу маалымат жоктугун билдиришкен.


"Генерал-майор деген наам берилгени тууралуу мага эч кандай маалымат келген жок. Аны ким айтканын билбейм, өзү отуруп алып сүйлөй берет экен. Бизден өткөн жок, мен ал наам кандай негизде берилерин жетекчиликтен сурап көрдүм эле. Кол башчы кимге, качан беришти өзү чечет экен. Бул тууралуу маалыматты ким билерин да билбейм", — деди Галина Байтерек.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Коридор озбекке берилди деди.Анан берилбеди деди.Генерал алды албадысын билбейм дейт катчы Байтерек.Наамга президент аркылуу кол койобу.Бардак кыскасы.