Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев жакында эле иш бөлмөсүнөн буюмдарын алып чыгып кеткен. Бул тууралуу "Вести.кг" билдирди.
Такталбаган маалыматтарга ылайык, ЭККМКнын мурдагы башчысы генерал наамын сураган. Бирок, анын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Мындан тышкары, Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокуратурасында кызматка барары айтылууда.
Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев азырынча комментарий бере элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн