Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:20
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сыймык Жапыкеев кызматтан кетти. Эми оппозицияга өтөбү же Прагага качабы?

28.04.2021 12:22
1237
Сыймык Жапыкеев кызматтан кетти. Эми оппозицияга өтөбү же Прагага качабы?


Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев өз каалоосу менен арыз жазып, ээлеген кызматынан кеткени белгилүү болду. Ал мындай кадамга барышына ден соолугуна кам көрүү үчүн барганын билдириптир.


Эске сала кетсек, мындан 1-2 күн мурун эле С. Жапыкеев «Супер.кж» порталына маек куруп, анда финполициянын жоюлуп кеткенине катуу нааразычылыгын билдирген. «Мен Ысык-Көл облусунун прокурору кызматын сураган жокмун. Азыр өткөрүп бер десе, азыр өткөрүп берип коем. Биз октябрда Марипов өкмөт башчы болсун деп чыккан эмеспиз да» деп катуу таарынычын төгүп-чачып алган эле.


Эми анын кийинки кадамдары кандай болушу мүмкүн? Анда эки вариант бар. Биринчиси, кайрадан өзүнүн мурдагы командасына кошулуп, оппозицияга өтөт. Балким, кайрадан «Кухнядан» сүйлөш баштайт. Экинчиси, өзү маегинде айткандай чет өлкөгө чыгып кетиши мүмкүн. Ал «Супер.кж» порталына курган маегинде «Чет өлкөгө эле чыгып кетиш керек болуп калды. Мисалы Прагага…» деп айткан эле. Анын бул маегин уккандар «Жапыкеев азыраак убакытта эле чет өлкөдө жашай тургандай каражат топтоп койгонбу?», «Кыска убакытта миллиондорду топтоп алып, эми чет өлкөгө эле жашайын деп калган го» дегендей посстторду жазышкан.


Азырынча бул эки варианттын кайсынысын тандай турганын билбейбиз. Бирок, бир гана билгенибиз, эгерде финполиция жоюлбай, аны дагы деле өзү жетектеп турган болсо, анда өкмөт башчыга да, башкасына да нааразы болбой иштей бермек. Ал эми облустун прокурору кызматын ал өзүнүн деңгээлиндеги кызмат катары эсептеген жок окшойт.


Ошентип эл үчүн, мамлекет үчүн күйүп-жанып жаткандай түр жаратып келгендердин айрымдарынын чыныгы жүздөрү ачыкка чыга баштады. Буга Сыймык Жапыкеевдин кадамы айкын мисал. Эгерде ал мамлекет үчүн иштегиси келсе, анда облустун прокурору кызматында туруп деле иштей бермек. Акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн орношуна облустук деңгээлде болсо да салымышүн кошуп турмак.


Бирок, ага андан жогору турган кызмат гана керек болуп туруп алды. Бүгүн кызматта тургандардын бирөө-жарымы эртең кызматсыз калса, дароо эле оппозицияга өтө калмай кыргыз саясатындагы өнөкөт көрүнүш. Мындай өнөкөттөн арылмайынча, өлкөбүздө стабилдүүлүк дагы, өнүгүү дагы болушу кыйын.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн