Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:30
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сыймык Жапыкеев коомчулукка кезектеги кайрылуусун жасады. Анда эмнелерге токтолду?

13.04.2021 23:02
1190
Сыймык Жапыкеев коомчулукка кезектеги кайрылуусун жасады. Анда эмнелерге токтолду?


Сыймык Жапыкеев жалпы кыргызстандыктарды Орозо айы менен куттуктап коомчулукка кайрылуу жасады. Ал акыркы күндөрү өлкө аймагында болуп жаткан үрөй учурган окуяларга токтолуп, элди сабырдуулукка чакырды. 


Мындан сырткары, ал өзүнүн дарегене айтылган маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилеп, анда область жетекчилиги жылуу кабыл алганын, болгон күч аракетин адилеттүүлүккө жумашарын айтып өткөн.


"Урматтуу достор, баарыңарды Орозо айы менен куттуктайм, ыйман жүрөгүбүзгү кирсин. Биз негизи эле Кудай колдогон элбиз.

Кыргыз элинен суранып - кайрылат элем, ушул айда колдон келишинче бири-бирибизге өзгөчө жардам берелик. Кылмыш кылбайлык, бири-бирибизди сабап, зомбулук көрсөтпөйлүк. Орозо болбосо да зомбулук көрсөтпөсөк. Достор, интернертти ачсак эле тиги тигини муунтуп салды, өлтүрүп салды, үй-бүлөлүк зомбулук эле башка эч нерсе жок. Кыргыз элим каякка баратабыз? Бүт жерде интрига, ушак, басмырлоо, бузукулук, жөн үй-бүлө да куралбай, жөн үйлөнө албай ала качмай, болбой калса өлтүрүп салмай, мас болуп жол кырсыгына кабылмай.... (сводка как из боевого Фронта).

Достор, мунун баарын токтотуш керек.

Түшүнөм, пандемия экономикага өтө терс, күчтүү соккуну баарыбызга урду, туристтер жок, көп жумуш орундар бош турат. Бирок, сабыр кылалык. Кайдыгер болбойлук. Жакшы турмуш да келет буюрса.

Эми достор бул видео тууралу баары башкача:

Биринчиден, мени бүт облус жетекчилиги, прокуратура жааматы жакшы тосуп алышты, буюрса облусттун маселелери менен таанышып атабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы, мыйзамдуулук, адилеттүүлүктү облуска иштетсек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын чеги болбойт экен. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту.

Буюрса көлдү тегеренип, эл менен түздөн-түз кезигебиз, көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен угабыз.
Достор, сак саламатта болуңуз. Эл үчүн иштегенге даярбыз", - деп жазылат кайрылууда.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү басылмалардын биринде Сыймык Жапыкеев Каржы полициясынан кеткенден соң, Ысык-Көл облусуна прокурор болуп дайындалган. Бирок, жергиликтүү бийлик кабыл албай, учурда дагы бир майлуу кызматты издөөдө деген маалымат тараган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн