5-октябрдан кийин башаламандыкта Сыймык Жапыкеев Башкы прокуратураны кантип басып алганы тууралуу видео тарады. Видео "Чоң казатчы" Асхат Осмоновго таандык.
Тасмадан байкалгандай, Асхат Осмонов жана жанындагы жаштар Жапыкеевдин прокуратуранын басып алышын камсыз кылып турган.
Эске салсак, ошол убакта Башкы прокуратураны Алмамбет Шыкмамтов басып алганы кабарланган. Бирок, андан кийин Сыймык Жапыкеев барып ээлеген болчу.
Пикирлер (1)