Башкы прокурордун буйругу менен Ысык-Көл облусуна прокурор болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев кызматка киришти. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
"Элиме кызмат кылабыз. Элиме, жериме рахмат",- деп билдирүү калтырган Жапыкеев.
Эске салсак, Жапыкеев буга чейин жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жетектеген.
Пикирлер (3)