Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:59
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Сыймык Жапыкеев "Чоң казатты" эмес, "Улутман" партиясын колдоого чакырды

30.03.2021 07:27
2051
Сыймык Жапыкеев "Чоң казатты" эмес, "Улутман" партиясын колдоого чакырды


Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы, "Чоң казат" партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү шайлоосунда "Улутман" партиясын колдойт. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, "Чоң казат" партиясы шаардык шайлоого катышууга үлгүрбөй калган.


"Азаматсыңар, "Чоң казат" документтерди берүүгө үлгүрбөй калды. "Улутман" партиясында биздин мурдагы санаалаштар,  жалаң чоң казатчылар.

Урматтуу шаардыктар, жалпыңыздарды "Улутман" партиясын колдоого чакырам. Партияда сыноодон өткөн талапкерлер бар.

Ийгилик каалайм!",- деп билдирүү калтырган Жапыкеев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн