Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевди бир топ нааразы адамдар убадаларын аткаруусун талап кылды. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарады.
Нааразы болгон тарап Сыймык Жапыкеевди жарга такап, кылмыштуулук боюнча иштерди текшерүүнү талап кылды.
Чогулгандардын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилген үйлөрдө чоңдордун тааныштары жашап, аны тиешелүү органдар көзөмөлгө албай жатат. Алар маселеси чечилмейинче кетпей турганын айтышты.
Пикирлер (2)