Кыргыз темир жолу ишканасынан 250 миң доллар талап кылып, алып кармалган Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берип жатат. Муну “Тараза” сайты өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.
“Жапыкеев ушул жума камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду. Бизге жеткен маалыматка ылайык, Мелис Аспеков 250 миң доллардын 50 миң долларын Сыймык Жапыкеевге бергем деп көрсөтмө берүүдө”, - деп жазылат аталган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн