Бугу 12, 2024
Убакыт: 11:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сыймык Жапыкеев жаш балдарды сапатсыз таттуулардан сактап калды

29.12.2020 17:30
2912
Сыймык Жапыкеев жаш балдарды сапатсыз таттуулардан сактап калды


Финансы полициясы “Не сахар” долбоору менен биргеликте балдардын ден соолугунан кантип мыйзамсыз киреше табышкандыгын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин Фейсбуктагы баракчасында маалымдалды. 


Кээ бир кара ниет ишкерлер балдардын ден соолугун коркунучка алып келип, акча табууга аракет кылып жатышат, алар кичинекей таттуу сүйүүчүлөргө мөөнөтү өтүп кеткен жана сапатсыз азыктарды сатып жатышат. Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте иш-чараларды жүргүздү. Анын жүрүшүндө Садыгалиев көчөсүндө кампа табылган, ал “ТТТ Компани” ЖЧКсы тарабынан ижарага алынып, анда мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) ири көлөмдө сатылган. Ушул эле кампада аталган ЖЧКнын кызматкерлери таттуулардын жарактуулук мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүп жазуу, өчүрүү ж.б. жолу менен өзгөртүшкөн. Мындан тышкары, чыгарылган күнүн жабыштырган, продукциянын курамы кыргыз тилине которулгон чаптамаларды басып чыгарган жана таңгактарда чыгарылган күндү үзгүлтүккө учураткан (өзгөрткөн) аппараттар табылып, алынды. Мөөнөтү бүткөн продукциялар менен аныкталган кампага мөөр басылды. Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жүрүшүн ЭККМКнын төрагасы С.А. Жапыкеев көзөмөлгө алды”, - деп айтылат аталган маалыматта.

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Сабыр Тилегенов
Азаматсыз Сыймык Асылбекович!!!Ишиңизге ийгилик!!!
Нурлан Омурканов
Ошондой мооноту отуп кеткен таттуулар баардык жерде бар региондордун баарын текшериш керек
МЫКТЫБЕК АТА.
Чириген системаны тамыры менен жулуп таштагыла. Келечек силердин, жаштардын колунда. Азаматсын.