Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору Сыймык Жапыкеев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Баткенде болуп өткөн жаңжалды изилдөөдө өкмөт туура эмес кадам таштап жатканын айтты.
Анын айтымында, келтирилген зыяндарды мамлекет өзү эмес, тажик тарап төлөп бериши керек.
"Достор, бир эле мисал: Эгерде кошунаң кокустан эле сууну каптатып (затопления) жиберген болсо, ал сөзсүз келтирилген чыгымды төлөп, толугу менен ремонт иштерин жасаганга милдеттүү.
А биздин кошуна затопту кой, атайын куралы менен келип, өлтүрүп, өрттөп жиберсе да, чыгымды биз өзүбүз төлөйбүз дегенин түшүнүш кыйын болду. Анда "международный военный" трибуналдын эмне кереги бар, ошолор толук иликтеп баасын бериши керек.
Түшүнөт элем, эгерде эки киши уруша кетишип "өз ара чечишип алдык, эч кимге доом жок" деп милицияга арыз жазбай коюшса болот эле.
Азыр мамлекет аралык жаңжал чыгып турат, биз өзүбүз чечишип алабыз, эч кимге доо койбойбуз деген болбойт...
Кыргыз эли абдан боорукер, жардамга даяр элбиз, биз дагы эле карапайым, колунда барлар, кыскасы эл өзү мамлекеттин ишин өз милдетине алып гумжардам издеп, ташып берип жүрүшөт, кээ бир колунда барлары 20 үй салып берем деп жатышат, молодцы. Бирок чынын айтсам Баткен боюнча Өкмөт иштеп, гумжардамды жардамдай, каражатты каражаттай таап, келтирилген чыгымды Өкмөт мыйзам менен бериши керек, ӨКМӨТтүн толук МИЛДЕТи. Согушту карапайым эл кылган жок, кийин Эл аралык сотту кычыратып утуп туруп, тажиктерге төлөтүш керек эле", - деди Сыймык Жапыкеев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн