Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сиз дагы Төрт-Көчөнү бергиңиз келип турабы? Камчыбек Ташиев Исмаил Исаковдун чек ара боюнча айткан сөздөрүнө жооп берди

12.02.2022 09:08
4455
Сиз дагы Төрт-Көчөнү бергиңиз келип турабы? Камчыбек Ташиев Исмаил Исаковдун чек ара боюнча айткан сөздөрүнө жооп берди

И.Исаковдун тетири ой жүгүртүүсүнө кыска жооп жазууга мажбур болуп турам. 

 1.Эсиңизге түйүп алыңыз эч бир жерди анклавга    айлантпайбыз.Такталбаган, өз оюңуздан чыгарылган маселени айтып элдин бүйүрүн кызытпаңыз.Жерлерибизди анклав кылып коюучу документтерди кабыл алып карап турчу биз эмеспиз.     


2. 1924-27 жылдагы жана 2021 жылдагы кабыл алынган эки документ тең 39 деген номер менен кабыл алыныптыр,муну атайылап жасаган деп жазыпсыз.Ушунча жылдан бери чоң кызматтарда жүрүп,бирок ушул жөнөкөй нерсени билбегениңиз өтө уят иш,себеби бардык документтер катар номери менен гана кетет,эч ким каалаган номерин коё албайт.

3. 2021. 01.05.те кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса эки өлкөгө тең ынгайлуу болот жана башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

4. Туура айтасыз,Союз тарагандагы чек арабызды бир метр кыйшайтпастан сактап калуу милдетибиз жана ошондой болот буюруса.1991-92 жылдары кабыл алынган,катышкан бардык өлкөлөр ратификациядан өткөргөн келишимдерди аткаруу эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына дал келет деп эсептейбиз.

5. Эч качан сиз айткан Исфара-Чоркух-Ак Сай-Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт!Бул айтканыңыз Кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз болот.Төрт-Көчөнү сиз да бергиңиз келип турабы,мен барымда берилбейт! Бир гана Ак Сай -Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык жолдун статусу аныкталып ,андан соң салынат,кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албаймын.

 Коңшулар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду ачык талкуулап сырын ачып салбайт,ошондуктан мен дагын 39-чу протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептеймин.Мени кээ бир нерселерди айттырууга мажбур кылып жатасыздар, бүгүнкү күндө мамлекет бизге ишендиби демек биз жоопкербиз.Мамлекеттин тагдыры,чек арасы менен айкалыштырып саясий упай топтоого жол берилбеши керек .

6.Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок,Исаков И.кааласа комиссияга кошуп алалы ,иштеп берсин,бирок далилсиз,компетентсиз сөздөрүн таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн токтотуш керек.Эгер ушунчалык эле күйүп бышып жатсаңыз ,аскер адамы катары сыр сактоону негиз кылып сурасаңыз баарына жабык иретинде жооп берүүгө даярбыз.Сиздин максатыңыз калп нерселерди коомго жайып,эптеп чек ара маселесин чечүүнү кечеңдетүү ,сизден кем эмес мекенчилдер,сизден кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз жана жасаган ишибизге Кыргыз элинин астында жоопкербиз.

 7.Жабык эшик артында саясатчыларды,талдоочуларды чакырып маалымат берүүгө даярмын.

 Көп нерселерди ачык айкын жаза албадым,туура түшүнүп кечиресиздер деп ойлоймун.


11.02.22. Камчыбек Ташиев.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Саматов Курманбек
Сизге ишенебиз Ташиев буюрса чек араны чечип элге тынч жашоо алып келет деген элДин эки козу торт болуп кутуудо элДин ишеничин актайсыз деген умуттобуз . Сизда тарыхта жаман ат менен калууну каалабайсыз, ошондуктан бар куч аракетинизди кылып элге пайданызды тийгизип жакшы жакка чечууго аракет кылып Жан уроп жатканызызды кээ Бир саясатчылар бурмалап , ЭлДи козутуп жатканы окундурот. Душман козун кызартып биздин жерге коз артып турганда Бириккиле.Камчыбек Ташиев сизге Ден соолук элДин акыркы умуту ишенчи сиз менен Садыр Жапаров !