Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сиздер баатырсыздар! Улукбек Марипов Олимпиадага катышкан спортчуларга дем берди

02.08.2021 15:59
483
Сиздер баатырсыздар! Улукбек Марипов Олимпиадага катышкан спортчуларга дем берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токиодо Олимпиада оюндарына катышып жаткан спортчуларга дем берип кубаттады. Бул тууралуу Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Кымбаттуу спортчулар, бүтүндөй өлкө Олимпиада оюндарындагы сиздердин катышууңуздардагы оюндарды толкундануу менен кунт коюп көрүүдө. Олимпиадалык оюндарга катышуу – бул ар бир спортчу үчүн чоң намыс, ошол эле учурда анын кесипкөйлүгүн жана сиңирген эмгегинин таанылышы.


Биздин Олимпиадалык курама командабыз машыктыруучу курам менен биргеликте сыймактынууга татыктуу. Сиздер өлкөбүздүн намысын мыкты деңгээлде коргоп жатасыздар. Сиздер өжөрлүгүңүздөргө, эмгекчилдигиңиздерге жана тайманбас духуңарга жараша олимпиадалык деңгээлге татыктуу экендигиңиздерди далилдей алдыңыздар.


Сиздердин ар бириңиздер – күжүрмөн жоокерсиздер, биз сиздерге ишенип, ар бир жыйынтыкка кубанып турабыз. Сиздер биз үчүн жеңүүчү жана баатырсыздар! Биз сиздердин жеңишке ишенебиз жана бул таймаштарда Кыргыз Республикасынын желеги дагы да желбирейт деп үмүттөнөбүз!",- деп билдирүү калтырган Марипов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн