Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:58
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени тапшырылды

10.06.2022 07:36
1501
Скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени тапшырылды

9-июнда жаш скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, тапшыруу аземи А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов жана кеңири коомчулук катышуусунда өттү.


Мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыкты Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев тапшырды.


Мындай сыйлыкты тапшырууга жаш скульптор Тамила Маматованын Мухтар Ауэзовдун бюстун жасагандыгы, эки элдин достугун бекемдөөгө жана маданий алаканы жаңы деңгээлге алып чыкканы себеп болду.


Эки боордош элдин достугун даңазалаган мындай көрүнүштү мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият министри Жаманкулов өз ишине берилгени, искусствого болгон астейдил мамилеси, акыркы кезде аялдардын арасынан суурулуп чыккан өзгөчө таланты, өзүнүн көз карашы бар жаш скульптордун азыркы кездеги жаратып жаткан эмгектери коомчулук жана өнөр адамдары тарабынан жогору баа алып жатканы себеп болгонун белгилеп, Тамила Маматовага чыгармачылык ийгилик каалап өтүштү.


Ал эми Рапиль Жошыбаев өз сөзүндө театр гастролдору, концерттик иш-чаралар, эки өлкөнүн катышуусундагы иш-чаралар кызматташтыктын бекемдигин гана эмес, бир туугандыкты да билдирээрин белгилеп, Маматованын ишине казак эли ыраазы болуп жатканын айтып, ага чыгармачылык ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.


Белгилей кетсек, “Достык” ордени Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат. “Достык” ордени менен жарандар коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн Казакстандын президенти тарабынан ыйгарылат.


Азыркы учурда Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейи реконструкцияланып жатат. Июль айында Ауэзовдун 125 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Тамила Маматова жасаган бюсттун салтанаттуу ачылышы пландалууда.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн