Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Словакиялык Штефан Таркович менен бир жылдык келишим түзүлдү

02.05.2023 12:49
234
Словакиялык Штефан Таркович менен бир жылдык келишим түзүлдү


 

Бүгүн, 2-май күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФС менен Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ортосунда келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.


 Келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

 

 «Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футболдук союзунун президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз», - деди словакиялык адис.


 «Мындай жогорку квалификациялуу машыктыруучу биз менен мындан ары иштеше турганына кубанычтабыз. Кол коюлган документте Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасын көзөмөлдөй тургандыгы, ал эми машыктыруучулук штабында ага аны менен бирге келген жардамчылары жана ата мекендик адистер жардам берери каралган», - деди КФС Башкы катчысы Нурдин Букуев.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн