Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 21:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Смартфондогу көгүлтүр жарыктан кантип сактануу керек? Эксперттен кеңеш

01.09.2020 12:19
964
Смартфондогу көгүлтүр жарыктан кантип сактануу керек? Эксперттен кеңеш


Ар бирибиз күнүмдүк колдонуп жаткан смартфон, компьютердеги көк жарык көзгө зыяндуу, анткени ал күндүн нурларынын көк түстөн көккө чейинки бөлүгүн камтыйт. Гаджеттерди азыраак колдонуу же компьютердик көз айнек тагынуу менен бул зыяндуу нерселерди азайта аласыз. Мындай кеңешин орус офтальмологу Марина Царегородцева Prime агенттигине берген маегинде билдирген.


"Биз терибизди ультрафиолет нурларынан коргоп, атайын бет май сүйкөгөндөй эле, көздөгү торчону да ошондой коргошубуз керек”,- дейт ал.


Офтальмологдун айтымында, атайын көз айнек, нурланууну нейтралдаштыруу менен экрандын бетиндеги жаркыроону жок кылат, ошондой эле ашыкча күлгүн жана көк спектрдин нурларын кесип салат.


Окумуштуулар белгилегендей, көк нур адамдын мелатонин уйку гармонунун бузулушуна алып келип, адамдардын уйкусу татаалдашат. Ошол үчүн гаджетти уктаар алдында 2-3 саат мурун колдонуп, көздү нымдам коюш керек.


Буга чейин смартфондогу OLED экрандары баш ооруга алып келиши мүмкүн деп айтылган. Бул адамдын көзүнө көрүнбөгөн диплейдин жымыңдашына байланыштуу. Жарык канчалык төмөн болсо, көзгө ошончолук зыян келтирилет деп түшүндүрдү эксперт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн