Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Согуш ардагери Өзбек Шамбетов эскерилди (фото)

06.05.2020 15:25
1141
Согуш ардагери Өзбек Шамбетов эскерилди (фото)


Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине карата согуш талаасында жана орукта эмгектенген ардагерлердин эрдигин Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери да эскерет, деп билдирди Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы


Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Уран Шамбетов атасы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын бири экенин айтат. Ал атасы Өзбек Шамбетовдун мыкты тарбиясын алганын жана анын кыргыз эли үчүн жасаган эмгеги менен сыймыктанарын айтат. Өзү да ата жолун жолдоп кыргыз эли үчүн кызмат кылып келет.


Ардагер Өзбек Шамбетов 1922-жылы Буденовка районун Жаңы-Турмуш айылында азыркы аталышы боюнча Талас облусунун Талас шаарында туулган. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина фронтунун 1-бригадасынын 15-мото аткычтар бөлүмүнө түшкөн. Өзбек Шамбетов согуш жылдарында Воронеж шаарынан Украина аркылуу Молдова жана Польшанын Варшава шаарына чейин фашисттер менен кармашкан.


Согуш мезгилинде ага сержант наамы менен автоматчандар бөлүмүнүн командири болуп, көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кызыл жылдыз” ордени жана “Эрдик” медалдары менен сыйланган. Кандуу согуш аяктагандан кийин Краснодар аскер окуу жайына тапшырып, 1946-жылы үйүнө кайтарылган. Туулган жерине келип айылына, элине-жерине болгон сагынычын таркаткандан кийин, кайрадан жогорку билим алуу максатында Москва шаарындагы КППСтин борбордук комитенин жогорку партиялык окуу жайына тапшырып, окууну аяктаган соң Кыргыз ССРинде мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалап, талыкпаган эмгегинин аркасында бир нече сыйлыктар менен сыйланып, ардактуу эс алууга чыккан.


Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата сугуштун жана оруктун катышуучуларынын баа жеткис эмгектерин эскерүү ар бир жарандын милдети!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн