Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Согуш ардагерлери Кыргызстан менен Россиянын мааракелик медалдары менен сыйланат

06.05.2020 16:26
1226
Согуш ардагерлери Кыргызстан менен Россиянын мааракелик медалдары менен сыйланат


Бүгүн, 6-майда Кыргызстандын шаарлары менен райондорунда аскер комиссариаттары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан КР президентинин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россия Федерациясынын президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы тапшырылат.


Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.


Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234 адам. Ошоной эле 1769 ооруктун эмгекчилери сыйланат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн