Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:31
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Согуш ардагерлерине 9-Майга карата жөлөк пул берилет

16.04.2024 18:11
130
Согуш ардагерлерине 9-Майга карата жөлөк пул берилет


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана ардагерлерине 9-майга карата кандай төлөмдөр берилерин тизмектеди.

Маалыматта айтылгандай, Жеңиш күнүнө карата республикалык бюджеттен төлөмдөргө 9 млн 934,5 миң сом каралган, алар төмөнкүдөй түрдө төлөнөт:

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам - 20 600 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам - 20 400 сом;
- концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары – 8 адам - 20 400 сом;
- “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 11 адам - 20 400 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) - 1 адам – 15 200 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 589 адам - 15 100 сомдон берилет.

Жалпысынан 637 адам 9 млн 934,5 миң сом бир жолку акчалай жөлөк пул алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн