Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Согуш болгон жерге адамдарды жөнөтүү үчүн акча топтогон жаран кармалды

Согуш болгон жерге адамдарды жөнөтүү үчүн акча топтогон жаран кармалды

Куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча чогулткан жаран кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-февралында УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны А.Н. кармалды.


Такталгандай, кармалган адам Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн