Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Согуштагыдай. ЖККУнун аскердик машыгуусу кандай өтүп жатат? (фото)

09.09.2021 14:29
1517
Согуштагыдай. ЖККУнун аскердик машыгуусу кандай өтүп жатат? (фото)

2021-жылдын 9-сентябрында "Эдельвейс" полигонунда Борбордук-Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн (ЖККУ) бөлүкчөлөрү менен өтүп жаткан “Рубеж-2021” машыгуусунун акыркы этабы болуп өттү.  Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.


Машыгуунун катышуучулары биргелешкен антитеррордук операция өткөрүштү. Анда ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүн жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттерди даярдоо жана өткөрүү боюнча маселелерди иштеп чыгышты.


Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал -майор Бактыбек Бекболотов машыгуунун жабылыш аземинде машыгуунун катышуучуларына кайрылып, биздин дос мамлекеттерибиз машыгууга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча абдан жогорку деңгээлде бир топ биргелешкен иштерди жасашты. Биздин биргелешкен аракеттерибиздин натыйжалары мамлекеттерибиздин коопсуздугуна жана туруктуулугуна салым кошуп, көп тараптуу аскердик диалог үчүн "платформаны" кеңейтүүдө дагы бир маанилүү жана конструктивдүү кадам катары кызмат кылат деген ишенимин билдирди. 


Машыгуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темировдун жетекчилигинде жүрүп, ага Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын аскердик контингенттеринин оперативдик топтору, Бириккен штабдын жана ЖККУнун Катчылыгы катышты. 


1000 ашык аскер кызматчылары, 150 аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде реактивдүү залп менен атуучу системалар ошондой эле авиация - Су-30СМ истребители, штрумалоочу Су-25, Ми-8 вертолету жана “Орлан-10” учкучсуз учуучу аппараттары тартылган.


Жыйынтыктоочу этабында бөлүктөрдүн иш аракеттерине ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров, Россия Федерациясынын Борбордук аскердик округунун аскерлеринин колбашчысы генерал-полковник Александр Лапин жана Кыргыз Республикасынан аккредитациядан өткөн Түркия Республикасынын, Россия Федерациясынын, АКШнын, Казакстан Республикасынын, Индия Республикасынын, Великобританиянын, Германия Федеративдик Республикасынын, Франция жана Япониянын аскердик атташелери көз салышты. Ошондой эле, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү - Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Кыргыз Республикасындагы миссия башчысы жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы көз салышты.


Машыгуу машыгуунун жүрүшүндө артыкчылык көрсөткөн аскер кызматчыларын сыйлоо жана салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн