Бүгүн, 1-апрелде Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө Өзбекстан менен чек арада «Кайтпас» чек ара пункту ачылды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров баш болгон жетекчилер, жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын алкагында концерттик программа тартууланды. Жетекчилер бул пункттардын ачылышы эки тараптын карым-катнашын бекемдөөгө салым кошорун айтышты. Бул жерден Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары документтер менен текшерилип, мурдагыдай тартипте өтө алышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн