Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавында курулган аэропорт иштей баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигине таянып 24.кг агенттиги билдирди.
Белгилүү болгондой, президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгын аткаруу максатында Фергана – Сох – Фергана багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдары түзүлүүдө.
2021-жылдын 12-декабрынан баштап Humo Air ЖЧКсы алгач аталган каттам боюнча жумасына эки жолу үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн