Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:20
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, 5 кыргыз жаранын уруп, денелерине жаракат келтиришкен

13.05.2021 20:52
2392
Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, 5 кыргыз жаранын уруп, денелерине жаракат келтиришкен


Бүгүн, 13-май күнү саат 11.20лар чамасында Баткен районунун Сай айылы менен чектешкен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Сох анклавынын тургундарынын малдары эки өлкөнүн чектешкен аймагынан өтүп кеткендиктен Баткен районунун Сай айылынын 50 жаштагы тургуну малдын ээлерине малдарын алып кетишин айтканда, Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, 5 кыргыз жарандарын уруп, денелерине жаракат келтиришкен. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.


Бул окуядан соң жергиликтүү 50-60 тургундар аталган жерге чогулушкан.


Бул окуя боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү, жергиликтүү милиция жетекчилери жолугушуп сүйлөшкөн. Жыйынтыгында өзбек тараптын жетекчилери кечирим сурап, элдешүүнү суранышкан.


Аталган окуя Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын  Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренеси (Ден соолукка зыян келтирүү) менен катталып, тергөө иштери жүрө баштады. Ал эми денесинен жаракат алган жарандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.


Аталган окуя боюнча Сай жана Бирлик айыл аймагынын тургундары Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык борбордук аянтына саат 15.00дө чогулушуп, нараазычылыктарын билдиришкен.


Айдаркен шаардык маданият үйүнө Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Кутпидин Шакиров, Кадамжай РИИБнин начальниги милициянын полковниги Орунбай Кочкоров, Баткен РИИБнин начальгини милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев жана 2023 Айдаркен шаарындагы чек ара отрядынын командирлери болгон окуя боюнча чогулган тургундарга маалымат беришти. 


Жарандар тарабынан чек араны тактоо талаптары коюлуп, саат 17.30дар чамасында чогулган эл таркап кетти.


Учурда Баткен облусунун чек арага  чектеш аймагында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн