Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сохко коридор берет деген маалыматтар коомчулуктун бүйүрүн кызытты

15.03.2021 19:04
683
Сохко коридор берет деген маалыматтар коомчулуктун бүйүрүн кызытты


Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунан кийин кыргыз тарап Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген маалыматтар тарады. Мындан улам коомчулукта кызуу талкуулар жаралып, тынчсызданууларын билдирип жатышат.

Алардын бири жергиликтүү журналист Кайрат Жапаров “Каридор берип, кичинекей өлкөбүздү бөлүп-жарып, жоготуп албайлы да”, “Бүгүн ашын жесек, эртең ташын жеп калышыбыз турган кеп”, “Өтүп кеткен жерлерди алалбасак да, башка бербей тургула!” деген билдирүүлөрүн жазды.

Фейсбук колдонуучусу Ermek Amitov “Сохко каридор ачып бергени эң туура, биз Баткен эли колдойбуз. Ичибизди кенен кылалы, чыныгы мусулмандык сапатты көргөзөлү” деп жазган.

Коомдук ишмер Руслан Бекназаров чек ара боюнча түшүнүгү бары да, жогуда “апыртып”, “хайптан”, атаандашуудан улам ашынып жазып жатканына токтолуп, Өзбекстанга болгон иш сапар өтө жемиштүү болгонун белгиледи жана туураны таанып коюу керектигин жазды.  

Коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев ар бир анклавды тегерете зым тосмо менен курчап, кирип-чыгуу үчүн пост орнотуу керек деген оюн ортого салды.


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалымат экенин расмий билдирди.

Алардын кабарлашынча, эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында пандемияга байланыштуу жабылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Кайтпас" көзөмөл өткөрмө бекетин ачуу макулдашылган. Ал жайдан өзбек жарандары кадимки чек ара эрежеси менен өткөрүлөт.

Ушул тапта Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев каридор ачуу мүмкүн эмес экенин, эки мамлекеттин кызыкчылыгы менен гана жер алмашылышы мүмкүндүгүн айтты.

“Силер ойлобогула, чек араны чечсе эле жер берет, туура эмес, алмаштырып коёт экен деп. Андай болбойт. Ошол чек араны чечүү комиссиясынын башында мен турам. Кантип эле мен бир метр жерди берип коём, кантип эле Садыр Жапаров элге каршы келген чечим кылсын?! Андай болбойт! Бардык маселе Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын кызыкчылыгын тууралап туруп чечилет”, - деди Ташиев.

Ошондой эле Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Субаналиев Сох анклавынан коридор болбой турганын белгилеп, мындай келишим болгон эместигин расмий билдирди.  

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Транспорт,авиакаттам коридору берилет деп Байтереги жазды Еми беридбейт булары чыкты.Кимиси туура мезгил корсотоор.