Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Сохтогу чатакка катышкандар 10 жылга соттолуп жатат

18.03.2021 10:09
834
Сохтогу чатакка катышкандар 10 жылга соттолуп жатат


16-мартта Өзбекстандын Фергана облустук соту Сох анклавындагы массалык башаламандыкка катышкан 22 адамдын иши боюнча акыркы угуусун өткөрдү. Өткөн жылдын май айында кыргыздар менен өзбек жарандарынын ортосунда чыккан чатак маалында мыйзам бузгандар күнөөлөрүн моюнга албай жатканын "Озодлик” радиосу маалымдады.


Аталган медианын маалыматы боюнча мамлекеттик айыптоочу 9 шектүүнү 10 жыл эки айга камоону, 13 жаранды 6,5 жылга соттоону суранып жатат.


Укук коргоочу Бахадыр Элибоев айыпталып жаткандар өздөрүн коргоо аракетин гана көргөнүн айткан. “Сот отурумнда алар кыйноого кабылганын айтты. Айыпталуучуларга акыркы сөз берилгенде “кыргыздар Өзбекстандын аймагына кирип үйлөрдү өрттөп, таш менен ура баштаганда биз коргонгонбуз” деп жатат. Соттолуп жаткандардын күнөөсү жок”, - дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн