Өзбекстандын Фергана облустук соту ушул жылдын 31-майындагы Сохтогу кыргыз-өзбек чатагына катышкандардын ишин карап жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, окуя боюнча Сохтун 22 жаранынын үстүнөн сот иши жүрүүдө. Алардын 9у камакта жатса, 13ү үй камагында.
Соттук териштирүү маалында айыпталгандар Сохтон Ферганага “Тез жардам” унаасында башына “кара кап” кийгизилип жеткирилгенин айткан. Алар Өзбекстандын Кылмыш жана кодесинин 219-беренесинин 2-бөлүгү (бийлик адамына баш бербей, анын кызматына тоскоолук жаратканы, мыйзамга каршы аракет жасоого мажбур кылуу) жана 244-беренесинин (коомдук тартипти бузуу) негизинде жоопко тартылып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн