Интернетте Сох анклавынын жарандарынын арыз-муңун айтып, өзбек бийлигине кайрылган видеосу тарады. Анда сохтуктар жакында болгон чыр-чатакта кыргыздар биринчи басып кирип кол салганын, 200дөй адам жабыр тартканын билдирген. Ошондой эле анклавдагы эң негизги көйгөй жол маселеси экенин, ал чечилсе башкасын эл өзү тикелеп ала турганын айткан. Сохтун жашоочулары өлтүрсө да корпой тургандай абалга келип калганын белгилеген.
Пикирлер (7)