Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сохтун жумушсуз жаштары массалык түрдө иш менен камсыздала баштады

09.06.2020 09:53
2160
Сохтун жумушсуз жаштары массалык түрдө иш менен камсыздала баштады


Кыргызстандын ичинде жайгашкан Сох анклавынын жумушсуз жаштары Ташкент шаарында курулуп жаткан Tashkent City борборунда иш менен камсыздала баштады. 8-июнь күнү 230 адам Фергана аркылуу Ташкентке жеткирилгенин Өзбекстандын маалымат агенттиктерди жазып чыкты.


Коронавирус пандемиясы да Сохтогу жарандарды жумушсуз калтырганы белгилүү болуп, премьер-министр Абдулла Арипов бул маселени өз көзөмөлүнө алган. Ал буга чейин Сохтун тургундары менен жолукканда 500 адамды Ташкенттеги курулуштардын бирине жумушка тартууга убада берген. Жакынкы күндөрү райондун 270 тургуну борбор борбор калаага жөнөп кетери белгилүү болду.


Буга чейин Ташкенттен келген жетекчилер Сохтогу 500 бүтүрүүчү үчүн борбордогу мыкты окуу жайлардан квота бөлүнөрүн да убада кылган.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мамытов
Туура кылат. Минге жетпеген Адам калтырсын. Калганы алып кетсин.