Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын бюджетинде “Эмгек акы” беренеси боюнча финансылык бузуулар аныкталды

14.03.2024 16:45
716
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын бюджетинде “Эмгек акы” беренеси боюнча финансылык бузуулар аныкталды


Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын бюджетинде “Эмгек акы” беренеси боюнча финансылык бузуулар аныкталды — 9 млн 132,2 миң сом. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде: 2020-жылы – 960,9 миң сом; 2021-жылы – 1 439,1 миң сом, 2022-жылы - 2 598 миң сом, 2023-жылы – 4 134,2 миң сом.

  • алардын ичинен, негизсиз төлөнгөн эмгек акы – 7189,3 миң сом;
  • Социалдык фондго которулбаган төлөмдөр – 1636,6 миң сом;
  • кармалбаган киреше салыгы – 306,3 миң сом.

Аудит учурунда күнөөлүү адамдардын эсебинен бюджетке – 1 млн 953,8 миң сом калыбына келтирилди.

Жогорудагы мезгил аралыктарында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким кызматында иштегендер:

  • Сатывалдиев А.В. — 2019-жылдын июнь айынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин;
  • Кенжебаев А.Б. — 2020-жылдын октябрь айынан тартып 2021-жылдын май айына чейин;
  • Айтибаев К.Г. — 2021-жылдын май айынан тартып 2023-жылдын март айына чейин;
  • Ташкулов И.А. — 2023-жылдын март айынан тартып азыркы мезгилге чейин.

Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында аныкталган эмгек акыны негизсиз төлөөлөр фактылары боюнча материалдар УКМКга укуктук баа берүү үчүн жиберилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн