Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сокулукта бирөөнүн жерин 7000 долларга саткан жарандар кармалды

18.03.2022 12:13
567
Сокулукта  бирөөнүн жерин 7000 долларга саткан жарандар кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-мартта Сокулук РИИБине чала тааныш адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен 1959-жылы туулган Г.М. кайрылган. Арызда февраль айында Новопавловка айылынан жалпы суммасы 7000 долларга жер тилкесин сатып алгандыгы, ишеним кат берилгени көрсөтүлгөн. Кийинчерээк арыз ээси сатып алган жер тилкеси башка адамга таандык экенин аныктаган.


Бул факты Сокулук РИИБинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" менен катталган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан шектелип 1977-жылы туулган Ж.А. жана 1981-жылы туулган И.Ж. аттуу жарандар кармалды.


Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн