Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сокулукта 24 жаштагы аялын сабап өлтүргөн жаран кармалды

Сокулукта 24 жаштагы аялын сабап өлтүргөн жаран кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда 24 жаштагы аял жолдошунун ур-токмогунан кийин ооруканада каза болду. Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда 30 жаштагы киши кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 

Окуя 11-декабрда орун алган. Милицияга Сокулук районунун аймактык ооруканасынан ар кандай дене жаракаттары менен келип түшкөн аял, көрсөтүлгөн жардамга карабай каза болгондугун кабарлашкан.     

 

Аталган факт Сокулук РИИБнин каттоосуна алынып, “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары улантылууда.


“Азаттык” басылмасы Ички иштер министрлигине таянып, акыркы эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгондугун жазды. Ошондой эле жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылат. 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9 038 коргоо ордери берилген, анын ичинен 8 463ү аялдарга, 264ү балдарга берилген. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн