Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сокулукта 29 жаштагы жаранды бычактап кетишти

13.02.2023 11:54
269
Сокулукта 29 жаштагы жаранды бычактап кетишти

Сокулук районунда мушташ учурунда эркек киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облусук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кечээ саат 03:30дар чамасында милицияга Сокулук айылындагы дүкөндүн алдында белгисиз жаран 29 жаштагы А.Ш.га бычак сайгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.


Аталган факт райондук милиция бөлүмүнө катталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал күнү А.Ш. өзүнүн достору менен дүкөнгө киргендиги, алар менен дагы эки адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка айлангандыгы аныкталды.


“Мушташ учурунда бир жаран дүкөнгө чуркап кирип, ал жактан бычак алып чыгып, А.Шны сайган”, - деп айылат маалыматта.


Аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмшка шектелип 18 жаштагы С.А. жана 19 жаштагы Э.А кармалып, камакка алынды.


Тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн