Сокулук районунда 34 жаштагы жаран 14 жаштагы өгөй кызын бир нече жылдан бери зордуктап жүргөн. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Маалым болгондой, 6-май күнү М.Ч. аттуу жаран Сокулук райондук милициясына 1986-жылы төрөлгөн Б.А. аттуу жарандын үстүнөн арыз менен кайрылган.
Арыз берүүчүнүн айтымында, Б.А. 2008-жылы төрөлгөн кызды бир нече жылдан бери зордуктап жүргөн.
Милиция тарабынан Б.А. кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн