Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сокулукта аккумулятор уурдаган эки жаран кармалды

28.12.2021 10:44
822
Сокулукта аккумулятор уурдаган эки жаран кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда 30 миң сомдук аккумулятор уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Сокулук райондук милиция бөлүмүнө Новопавловка айылынын 32 жаштагы К.М. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрдан 25-декабрга караган түнү анын үйүнүн жанында токтоп турган жүк ташуучу автоунаасынан эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгым 30 миң сомду түзгөн.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 26 жаштагы А.Н. жана 25 жаштагы М.А. аттуу жарандар кармалышкан.


Териштирүү учурунда кармалган жарандардын Сокулук районунун Новопавловка жана Ак-Ордо айылдарында катталган уурулук кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталган.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн