Теке 05, 2024
Убакыт: 04:18
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

Айыл өкмөттүн өзүм билемдигинен биздин үйлөрдү сел алып кетүү коркунучу жаралды, - айыл тургуну (видео)

12.05.2020 15:35
1105
Айыл өкмөттүн өзүм билемдигинен биздин үйлөрдү сел алып кетүү коркунучу жаралды, - айыл тургуну (видео)


Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагында жергиликтүү атка минерлердин өзүм билемдик жана абалды түшүнбөгөн аракетинен улам бир нече тургундардын үйлөрүн сел алып кетүү коркунучу жаралды. Мындай кайрылуу менен  “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттигине Күн-Туу айылыны тургундары байланышка чыкты.


Алардын айтымында айылды аралап өткөн селдин нугу бар.  Айыл жетекчиси башка бир айылдын жолуна шагыл төктүрүү үчүн ал сайдын жээгин каздыра баштаган.  Анын натыйжасында ошол жерде жайгашкан ончакты  үйдү сел алып кетүү коркунучу жаралган. 


"Күн-Туу айыл аймагындагы эски селдин нугун бузуп жатышат. Ушул нук селдин ташкындоосун токтотуп турчу. Бул нуктун жээгинде бир нече айыл жайгашкан. Ал эми таштарды казып алып баштагандан бери айыл элинде коркунуч пайда боло баштады, себеби селдин нуктан чыгып үйлөрдү каптап кетеби деп кооптонуп турабыз”, - деп жатышат тургундар.  


Алар ошондой эле бир Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышканын айтышты. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан шагыл казууну токтотуу тууралуу ооз эки чечим айтылганын, бирок айыл жетекчиси ага карабастан казуу иштерин улантат деп коркуп жатышканын билдиришти. 


Ошондой эле алар айыл өкмөттүн тийиштүү эч кандай уруксат кагазы жок экенин да кабарлашты. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн