Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сокулукта баасы 600 миң сомдук дары-дармектерди уурдаган жарандар аныкталды

Сокулукта баасы 600 миң сомдук дары-дармектерди уурдаган жарандар аныкталды

Сокулук районунда 600 миң сомдук дары-дармектерди уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.


Сокулук райондук милициясына арыз менен 27 жаштагы О.Т. аттуу жаран кайрылып, 9-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар Шопоков шаарында жайгашкан дарыканага кирип, баасы 600 миң сомдук дары-дармектерди уурдап кеткенин билдирген.


Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 23 жаштагы Т.А., 28 жаштагы Ж.Э. жана 34 жаштагы Ж.У. аттуу жарандар кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн