Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сокулукта белгисиз адамдар жаранды сабап, акчасын алып кетип калган

Сокулукта белгисиз адамдар жаранды сабап, акчасын алып кетип калган

Сокулукта эркек кишини унаага салып барып сабап, тоноп кетишкен.


Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 2022-жылдын 28-август күнү Сокулук райондук милициясына 1995-жылы туулган К.М. аттуу жаран денесиндеги жаракаттар менен Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборуна түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.


Белгилүү болгондой, белгисиз эки адам түн ичинде К.Мны унаага салып Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барып, ал жерден денесине залал келтирип, акча каражатын алып, алсыз абалда таштап кетишкен.


Аталган окуя боюнча КР КЖКнын 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип 1991-жылы туулган М.Д. жана 1992-жылы туулган К.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Тергөө уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн