Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Сокулукта бодо мал уурдаган жаран кармалды

Сокулукта бодо мал уурдаган жаран кармалды



Бирөөнүн бодо малын уурдаган жаран Сокулук районунда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБке арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып 2022-жылдын 10-октябрь күнү Сокулук районунун Фрунзе айылындагы үйүнөн белгисиз жарандар баасы 240 000 сом турган сүт багытындагы асыл тукум уюн уурдап кетип, материалдык чыгым келтиргенин билдирген.  

Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. 

Сокулук РИИБнүн кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышты жасаган адам 1991-жылы туулган А.Д. экендиги такталып, ал жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн