Жашы жете элек кыздын жоголушу боюнча социалдык тармактарга жарыяланган маалыматка байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-майында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1975-жылы туулган К.Р аттуу жаран өзүнүн кызы 2010-жылы туулган Р.У. аттуу кызын издөөгө жардам сурап кайрылган. Кайрылуусунда кызы 18-май күнү түшкү саат 11лер чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегенин билдирген.
Бул факт Сокулук РИИБдин маалыматтарды катто китепчесине катталып, жашы жете элек өспүрүмдүн дайынсыз жоголгондугу тууралуу билдирүүгө байланыштуу ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүү башталган.
Алынган маалыматка караганда 18-май күнү саат 09:48 чамасында жашы жете элек кыз бейтааныш кыз менен чоогуу үйүнө келип ал кыз классташы экенин туугандарына айткан. Ата-энесинен оңдоп-түзөөгө деген шылтоо менен 500 сом алып кеткен бойдон кайрылып келбегенин, андан соң 19-май күнү кыз туугандарына телефон чалып, Ош облусунда жүргөнүн билдиргенин айтышкан.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү делип, 1987-жылы туулган К.М аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сот тарабынан ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат, мындан тышкары кармалган жарандын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн