Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сокулукта дээрлик 2 жылдан бери издөөдө жүргөн аял кармалды

22.03.2023 11:32
364
Сокулукта дээрлик 2 жылдан бери издөөдө жүргөн аял кармалды

Сокулук районунда алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.


 Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБне Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын З.О. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 8-октябрь күнү “Мерседес Бенц-814” үлгүсүндү баасы 8000 АКШ доллар турган автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп алган М.С. аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган.


Аталган факт Сокулук РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 


Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда аталган кылмыш ишине шектүү 1973-жылы туулган М.С. аттуу жарандын өздүгү толугу менен аныкталып, ага карата сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.


2021-жылдын 25-майында 1973-жылы туулган М.С. аттуу жаранга издөө жарыяланган.


  2023-жылдын 21-мартында Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында издөөдө жүргөн М.С. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, Сокулук райондук сотунун чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

          Тергөө иштери уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн